АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 2-сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 4
Аманбаев айылдык аймактык кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтү 14.04.2021- жылы №5042 сатып алуу-сатуу келишиминин негизиндеги Аманбаев айылынын Толстунов көчөсүнүн №10 дарегиндеги 200м2 муниципалдык соода багытындагы жер участогуна жаӊы Китепкана имарат куруу үчүн, максаттык багытын өзгөртүү туурасындагы маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айылдык аймактык кеӊешинин сессиясы Аманбаев айыл өкмөтүнүн Аманбаев айылынын Толстунов көчөсүнүн №10 дарегиндеги 200м2 муниципалдык соода багытындагы жер участогуна жаӊы Китепканага имарат куруу үчүн максаттык багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык Кеңешинин төрагасы: | Нуралиев У.М. |