Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 27-сентябры № 3

 

ЖЧК Омега Уголь көмур кени менен социалдык пакет түзүү жөнүндө

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XXII сессиясында айыл өкмөттүн 22-сентябрь 2023-жылдагы №01-19-218/1 сандуу катын карап КРнын жер казынасы жөнүндөгү 30-беренесинин негизинде токтом кылат: 

1.Папан айыл өкмөтү жергиликитүү коомчулуктун социалдык абалын эске алып, жумушка орноштуруу жана инфраструктураны жакшыртуу, айыл өкмөттүн бюджетин көтөрү максатында Кара-Гур  айылындагы иштеп жаткан ЖЧК “Омега Уголь” көмүр казган ишканасы менен социалдык пакет алуу боюнча келишим түзүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 Т.Тагаев