Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 27-сентябры № 9

       Папан айыл өкмөтүндөгү  Кожо-Келен жайыт пайдалануу бирикмесиндеги МТЗ экскаватор погрузчик тракторун ижарага берүү жөнүндө

 

Папан айыл өкмөтүндөгү Кожо-Келен жайыт пайдалануу бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовтун 2023-жылдын 23-августундагы чыгыш №2 сандуу катын карап жана талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Папан айыл өкмөтүндөгү Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, пайдаланып жаткан МТЗ экскаватор погрузчик тракторунун бир жылдык ижара акысы  2023-жылдын 1-октябрь айынан баштап 100 000  (жүз миң) сом болуп белгиленсин.

2. Айыл өкмөттүн жана жайыт комитетинин келишимден сырткаркы иштерине, техниканы иштетсе күйүүчү , майлоочу майларын айыл өкмөтү жана жайыт комитети камсыздап берсин.  Айдоочунун эмгек акысы, техниканын ремонту, авто налогу тарифтен ашкан акча менен иш жүзүнө ашырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы

 

Т.Тагаев