АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 5-сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 1
Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-август күнү саат 18-40 чамасында Суулу-Маймак айылындагы № 21 “Ак-Шоола” балдар бакчасынын имаратынын чатырынан өрт чыккан. Талас облусунун ЖАК “Кыргызстан” камсыздандыруу уюмунун филиалы тарабынан келтирилген зыян эсептелип, акча каражатын которуп беришкен. Ошол себептүү жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып такталган планга киргизүү боюнча Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга атайын каражаттар бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча киреше бөлүгү 5,0 млн 400 сом, чыгаша бөлүгү 5,0 млн 400 сом өлчөмүндө, жалпысынан 5,0 млн 400 сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
2. Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин:
Катар № | Статьялары | Киреше булактарынын аталышы | Жалпысы (млн сом) |
1 | 14238900 | Башка кызмат түрлөрү боюнча классификацияланбаган кызматтар үчүн башка төлөмдөр | 5000,4 |
| Жалпысынан |
| 5000,4 |
3. 2021-жылга Аманбаев айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 5,0 млн 400 сом төмөнкү бөлүм боюнча бекитилсин:
- Айыл өкмөтүнүн балдар бакча бөлүмүнүн 31112390 “Башка имараттарды капиталдык оңдоо” элементи боюнча-5,0 млн 400 сом.
4.Аманбаев айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бюджетинин киреше жана чыгаша статьяларына кошумча киреше жана чыгашаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн.
5. Аманбаев айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттардын токтомдо белгиленген чыгым статьялары боюнча аткарылышы, айыл өкмөтүнүн Каржы экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.
Аманбаев айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Нуралиев У.М. |