Редакцияот 20.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 20-ноябры № 1

 

Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов  көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү  гранттын эсебинен ишке  ашыруу максатында өздүк салымга Папан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Папан айыл өкмөтүнүн чыгыш №01-19/348 20-ноябрь 2023-жылдын катынын негизинде Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап  Папан айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1.Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов көчөсүнүн асфальт төшөлбөгөн жагына улап, асфальт төшөө үчүн өздүк салымы катары Папан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин эсебинен 980608 (тогуз жүз сексен миң алты жүз сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:   

 

Т.Тагаев