ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 20-ноябры № 2
Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Б.Исмаилов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Папан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл өкмөтүнүн 20-ноябрь 2023-жылдагы чыгыш №01-19/348 сандуу катын карап Кызыл-Туу айылындагы Б.Исмаилов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Б.Исмаилов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн, өздүк салым катары Папан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин эсебинен 3561583 (үч миллион беш жүз алтымыш бир мин беш жүз сексен үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: Т.Тагаев