Редакцияот 22.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 5-сессиясы

 

2021-жылдын 22-сентябры № 3

 

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн 02.02.2021-ж. №20 жана Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 08.02.2021-ж. № 03-11/127 сандуу билдирүүлөрүн жеринде тиешелүү адистер менен тактоо, аныктоолорду жүргүзүүнүн негизинде Аманбаев айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аманбаев айыл аймагынын батыш тарап чегиндеги Күркүрөө дарыясы К-1123/1,0 чөйрө сызыгындгы коңшу Казак Республикасы менен чектешкен 304(1) казак, 304(2) жана 304(3) чек ара мамыларынан жогору жаңы көпүрө куруу үчүн жер аянты бекитилип берилсин.  

2. Жаңы көпүрө курулуучу көпүрөнүн ордун аныктап жана ага тиешелүү болгон жер аянтын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси К. Тургуналиевге милдеттендирилсин.

3. Казак ,Кыргыз чек ара 304(1), 304(2) жана 304(3) чек ара мамыларынан жогору орун алган көпүрөө  Абдыжапар уулудары Чынгыз, Илгиз атынан аталып, картага киргизүү сунушу тиешелүү органдарга берилсин. 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Аманбаев айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Нуралиев У.М.