Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 720 токтомуна)
Талаптагыдай дарыкана практикасынын ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелери (мындан ары - Эрежелер) дарыкана уюмдарынын ишине коюлуучу негизги талаптарды регламенттейт жана жагымсыз таасирлердин минималдуу көрүнүштөрү менен максималдуу терапевттик пайдага жетишүү максатында калктын ден соолугун чыңдоого, сапаттуу, коопсуз дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу колдонууга багытталган.
2. Дарыкана уюмдары лицензиялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
3. Дарыкана уюмдары өз ишинде санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, эмгекти коргоо эрежелерин жана коопсуздук техникасын, өрткө каршы эрежелерди жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды жетекчиликке алууга тийиш.
4. Дары каражаттарын жана препараттарды чекене сатуу ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Дары каражаттарын жана препараттарды чекене сатуу боюнча ишти уюштуруу алардын талаптагыдай сапатына жана калкты тейлөөнүн сапатына кепилдик берүүгө жана камсыз кылууга тийиш.
6. Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сатып алуу, сактоо, сатуу жана жок кылуу Кыргыз Республикасынын баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Негизги принциптер жана талаптар
7. Эрежелер төмөнкүлөргө багытталган талаптардын комплексин билдирет:
1) талаптагыдай сапаттагы дары каражаттарын жана препараттарды берүү;
2) анык маалымат берүү;
3) дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу дайындоону жана аларды туура пайдаланууну пропагандалоо;
4) фармакотерапия маселелери боюнча саламаттык сактоо кызматкерлери (врачтар) менен өнөктөштүк, ишенимдик өз ара мамилелерди белгилөө;
5) фармацевтикалык кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү.
8. Талаптагыдай дарыкана практикасынын негизги талаптары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу дайындоого жана талаптагыдай пайдаланууга көмөктөшүү;
2) фармацевтикалык кызматтын ар бир элементин өзүнчө инсанга багыттоо;
3) кесиптик этиканы жана купуялуулукту сактоо;
4) сапаттуу фармацевтикалык кызматтарды көрсөтүү;
5) фармакологиянын, фармакотерапиянын жана деонтологиянын негиздерине ээ болгон квалификациялуу кызматкердин болушу;
6) сапаттуу дары каражаттарын жана препараттарды сактоону, эсепке алууну жана сатууну кошуп алганда, керектөөчүгө чейин талаптагыдай илгерилетүүнү камсыз кылуучу тиешелүү жабдуулардын, жайлардын жана башка зарыл шарттардын болушу;
7) калкка консультациялык жана маалыматтык жардам көрсөтүү жана диагностикалык тестирлөө жүргүзүү үчүн тиешелүү жайлардын, жабдуулардын жана атайын адабияттардын болушу;
8) фармакотерапия, ден соолукту чыңдоо, калктын ооруларын алдын алуу жана фармакологиялык көзөмөл бөлүмүнө кирген бардык маселелерде өз ара ишенимди жана купуялуулукту билдирген дарыкана жана медициналык уюмдардын өз ара аракеттенүүсү;
9) персоналдын билим деңгээлин системалуу жогорулатуу үчүн билим берүүчү программалардын болушу;
10) ушул Эрежелер менен аныкталган зарыл болгон документтердин болушу;
11) дары каражаттарын жана препараттарды, дарыкана ассортиментиндеги товарларды сатып алуу системасы, фальсификацияланган фармацевтикалык продукцияларды табуу жана таралышын токтотуу боюнча иш-чараларды камсыздоо.
9. Дарыкана уюмунун жетекчиси дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасирлерине мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындайт.
10. Дарыкана уюмунда дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасири аныкталганда фармацевттер же бейтаптар тарабынан аларды толтуруу үчүн белгиленген формадагы карта-билдирүүлөр каралууга тийиш. Карта-билдирүү кагаз түрүндө же дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын колдонуудагы электрондук системаларынын жардамы менен толтурулат.
11. Карта-билдирүүнү толтуруу фактысы дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасирлерине мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу адам тарабынан аныкталган дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасирлерин каттоо журналында белгиленүүгө тийиш.
12. Кагаз түрүндө толтурулган карта-билдирүүлөр дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилүүгө тийиш.
3-глава. Рецепттик дарыларды жана препараттарды рационалдуу колдонууну камсыз кылуу
13. Рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу колдонууну камсыз кылуу - рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды калкка сатуу, аларды сактоо, дайындоо жана колдонуу менен байланышкан иш.
14. Дарыкана уюмунун персоналынын рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды камсыз кылуу жана рационалдуу колдонуу боюнча иши өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) квалификациялуу персоналдын жетиштүү санда болушу;
2) дары каражаттарын жана препараттарды даярдоо технологиясын сактоо жана сапатын камсыз кылуу (эгер болсо);
3) рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды белгиленген үлгүдөгү рецепттик бланктар боюнча берүү, анын ичинде рецепттеги маалыматтардын туура таризделишин жана толуктугун текшерүү;
4) рецепт жазуу эрежелерин, дары формаларын даярдоо технологиясын сактоо, рецептте жазылган дозалардын оорулуунун курагына ылайык келишин, бир жолку берүү ченемдерин, жазылган рецепттик дары каражаттарынын жана препараттардын айкалышын текшерүү;
5) бейтаптын жазылган рецепттик дары каражатын же препаратты тиешелүү мөөнөттө жана жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
6) тиешелүү маркалоосу жана таңгагы бар рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды талаптагыдай берүүнү камсыз кылуу;
7) бейтапка рецепттик дары каражаттары жана препараттар жөнүндө жеткиликтүү түшүнүктөр менен объективдүү маалыматты жана аларды колдонуу боюнча кеңештерди берүү.
15. Рационалдуу дайындоону, рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды колдонууну камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплексин камсыз кылуу үчүн фармацевтке төмөнкүлөр зарыл:
1) рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды колдонуу боюнча анык маалымат берүү жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү билимдер жана көндүмдөр;
2) рецепттик дары каражатын жана препаратты пайдалануу боюнча маалымдама-маалыматтык адабияттын жетиштүү саны.