ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 20-ноябры № 4
Папан айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылынын Жээнкул уулу Макамбай көчөсүнө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылынын Жээнкул уулу Макамбай көчөсүнө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.
2. Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылынын Жээнкул уулу Макамбай атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна айылдык аймактын 2024-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 1 671472 (бир миллион алты жүз жетимиш бир миң төрт жүз жетимиш эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев |