ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 20-ноябры № 5
Папан айыл өкмөтүнүн Чычкан-Кол айылдындагы Кызыл жарым ай коому тарабынан каржыланган дамбага жумушчулардын эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө
Папан айыл өкмөтүнүн 20-ноябрь 2023-жылдагы чыгыш №01-19/348 сандуу катын карап Чычкан-Кол айылындагы Кызыл жарым ай коому тарабынан каржыланган дамбага кеткен чыгымдарды жана техникага кеткен чыгымдарды угуп жана талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Папан айыл өкмөтүндөгү Чычкан-Кол айылындагы Кызыл жарым ай коому тарабынан каржыланган дамбага техника жана жумушчулардын эмгек акысын төлөп берүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев |