ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 20-ноябры № 8
Папан айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү айылындагы А.Саипов атындагы орто мектебин Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан ремонттоо жөнүндө
Папан айыл өкмөтүнүн 20-ноябрь 2023-жылдагы чыгыш №01-19/348 сандуу катын карап Бөрү айылындагы А.Саипов атындагы орто мектебинин азыркы абалын көрүп Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Папан айыл өкмөтүнүн Бөрү айылындагы А.Саипов атындагы орто мектебинин эшик, терезелерин жаңылоо максатында 2 297237 (эки миллион эки жүз токсон жети миң эки жүз отуз жети) сом Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2.Бул токтомдун сметалык тийиштүү иш кагаздарды жана проектерди даярдап, токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев |