ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 20-ноябры № 10
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу, көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Туу айылындагы Алчалы айылына өтүүчү көпүрөдөн Чаар-Айгыр көлүнө кетүүчү 1км көчөгө маркум Сайназаров Апсатардын ысымы берилсин.
2. Кызыл-Туу айылындагы аты коюлган көчөгө маркум Сайназаров Апсатардын үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөлөрдүн ар кандай социалдык маселелер (жол тегиздөө, жарык орнотуу, көпүрөө, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн-түз катышуусу жана турак үйлөргө, объектилерге катар номерлерди илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев |