Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы

 

2021-жылдын 19-ноябры № 7

 

Аманбаев айылдык Кеңеши Ак-Жар  айылынын тургуну Султаналиева Рыскандын кайрылуусундагы көрсөтүлгөн Ак-Жар  айылындагы Субаналиев №17 дарегиндеги эски клубдун орду 14925,0 кв/м жер аянтын сатып алган жеке менчик жер участогунун багытын (профилин) өзгөртүү жөнүндөгү маселени талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Султаналиева Рыскандын кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Иш- кагаздарын өзгөртүү үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен макулдашылсын.

3. Иш- кагаздарынын мыйзамдуулук жагын алып барууга жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Аманбаев айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Нуралиев У.М.