АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 8
Аманбаев айылдык Кеңеши, СПА жетекчилеринин, дыйкандардын кайрылууларын карап, каналдардын ичине, жээгине ѳсүп кеткен жапайы тал-терек, Жийделердин зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу, кесүү үчүн уруксат берүү жөнүндөгү маселени талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каналдардын ичине, жээгине үлүш жерлерге ѳсүп кеткен жапайы тал-терек, жийделерди кесүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси, СПА жетекчилери менен биргеликте текшерип кесиле турган жапайы тал-теректерди, жийделерди аныктап чыгышсын.
3. Токтомду аткаруу айыл ѳкмѳт башчысы Б.Мураталиевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Нуралиев У.М. |