Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы

 

2021-жылдын 19-ноябры № 13

 

Аманбаев айылдык Кеңеши, Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы сунуштап жаткан “Дем берүүчү” гранттын эсебинен, Ак-Жар айылына жабык күрѳш залын курууга жер бѳлүкчѳсүн бѳлүп берүү демилгесин угуп,  карап жана талкуулап, Аманбаев айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Жар айылына жабык күрѳш зал куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.

2. Ак-Жар айылына жабык күрѳш зал куруу долбоорунун сметасынын жалпы наркы 3 450 032 (үч миллион тѳрт жүз элүү миң отуз эки) сомду түзгѳндүгү белгиленсин.

3. Долбоор жактырылып, долбоордун 15%  акчалай түрүндѳ 450 000 (тѳрт жүз элүү миң) сом ѳздүк салым Ак-Жар айылдык фондусунан жана 67 505 (алтымыш жети миң беш жүз беш) сом жергиликтүү бюджеттен которуп берүү жагы бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Аманбаев айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Нуралиев У.М.