КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он жетинчи сессиясынын
2023-жылдын 25-январы № 17-14
Байыш айылындагы жаңы мечитке ат коюуу тууралуу
Байыш айылындагы жаңы мечитке Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Максыт атанын ысмын ыйгаруу тууралуу айыл тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байыш айылындагы жаңы мечитке Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Максыт атанын ысмын ыйгаруу тууралуу айыл тургундарынын сунушу жактырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагындагы Байыш айылындагы жаңы мечиттин атын “Максыт ата” депкоюууга керектүү документтерди даярдап, тиешелүү жактарга жөнөтүү жагы мечиттин имамына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абдырахманов О.С. |