Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясынын

 

2024-жылынын 19-апрели №4

 

«Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департементи менен Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы эмгек келишимин бекитүү жѳнүндѳ».

 

          Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Айткуловдун 19.04.2024-жылдагы №01-03/31 сандагы сунушуна негиз жана «Укук жана мыйзам этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департементи менен Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы эки тараптуу эмгек келишимин угуп жана талкуулап,сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1.Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү максатында,Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен менен Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы эки тараптуу эмгек келишими 2024-жылдын 31-декабрына чейин бекитилсин.

 

          2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (тѳрагасы Б.Нурматов) жүктѳлсүн.

 

          3.Токтом жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

 

 

 

Төрага:

Б.Төрөбеков