САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жылынын 19-апрели №1
« Сары-Челек айыл аймагынын административдик-аймактык бирдиктердин чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жѳнүндѳ».
Сары-Челек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 19-апрель 2024-жылдагы №01-3/30 сандуу кайрылуусуна негиз жана Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин «Айыл чарбасы жана экология», «Укук жана мыйзам» боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусуна ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагынын административдик-аймактык чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Сары-Челек айыл аймагынын административдик территориясына Чаптар-Бээ,Капчыгайдын Сазык-Сай участкасы (Арзыбаев Ишен),Мукур айылынын башындагы Бүчмѳ- Сайдын оозу (Бозбу тоосуна жогорулай) болгон тиешелүү жер аянттарын Сары-Челек айыл аймагынын административдик картасына чийип берүү жана чечүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология», «Укук жана мыйзам» боюнча туруктуу комиссияларына жүктѳлсүн.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеӊештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктѳлсүн.
Төрага: | Б.Төрөбеков |