КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 17-марты № 18-6
Шаңкол айылындагы Ынтымак көчөсүнүн атын алмаштыруу тууралуу
Шаңкол айылындагы Ынтымак көчөсүнүнатын Улуу Ата-Мекендик согушка барып, кайтпай калган жоокер Боркош атанын атына алмаштыруу тууралуу жамааттардын жалпы жыйынын чечими тууралууайыл башчы А.Мамажунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Шаңкол айылындагы Ынтымак көчөсүнүн атын Улуу Ата-Мекендик согуштун каарманы Боркош атанын атына өзгөртүү тууралуу ошол жердин жамаатынын сунушу жактырылып, кабыл алынсын.
2. Аталган көчөгө “Боркош ата” деген көчөнүн аталышы, үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфрастуктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу менен көчөгө аты коюлган инсандын жаркын элесин түбөлүктө сактап, көчөнү үлгүлүү алдыңкы көчө кылып сактоо жагы жакын тууган-уруктарына милдеттендирилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шаңкол айылынын айыл башчысы А.Мамажунусовко тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |