КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 17-марты № 18-7
Батуу айылындагы Айдарали-ата көчөсүнүн аты базада Эсенбай-ата деп кирип калгандыгына тактоо киргизүү тууралуу
Батуу айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Айдарали-Ата атанын атындагы көчөгө, ал инсандын фамилиясын кошуп, Раимбабаев Айдарали ата деп толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизип берүүнү суранган Батуу айылынын жашоочуларынын базада ал көчө Эсенбай-ата деп адашылып кирип калгандыктан өздөрүнүн көчөсүнүн атын базага киргизип берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5- жана 7-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Батуу айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Раимбабаев Айдарали атанын атындагы “Айдарали-ата” көчөсүнүн аты Ноокат райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында “Эсенбай-ата” көчөсү деп адашылып кирип калгандыгына байланыштуу “Эсенбай-ата” деген ат алынып салынсын.
2. “Айдарали-ата” көчөсүнүн аты “Раимбабаев Айдарали-ата” деп толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген сессиянын чечими менен базага киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Батуу айылынын айыл башчысы Абдүрөшүт уулу Ысмайылга тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |