КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 17-марты № 18-8
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын экинчи, үчүнчү, төртүнчү кварталдары үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап, Айылдык кеңештин Регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2-пунктунун 2-пунктчасына, 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын экинчи, үчүнчү, төртүнчү кварталдары үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)
2. Иш-планда кабыл алынган маселелер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги
18-сессиясынын № 18-8-токтомуна тиркеме.
Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-3-4 –квартал үчүн иш планы
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат | Эск |
1 | Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-3-4-кварталдарына иш планын бекитүү | Март 2023-жыл | Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы Абдырахманов О.С |
|
2 | “Кеңеш-өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2022- жылдагы иштердин аткарылышы боюнча отчётун угуу жана 2023-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө | апрель 2023-жыл | “Кеңеш-өнүгүү” муниципалдык ишканасын кызматкерлери |
|
3 | Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө | Июль 2023-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысы Асаналиев П.Ж. туруктуу комиссия |
|
4 | Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө | Июль 2023-жыл | Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Мадраимов А |
|
5 | Кеңеш айыл аймагындагы мектептердин 2023-2024-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндө | Август 2023-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Исаев Ж.К. туруктуу комиссиясы |
|
6 | Айыл аймагындагы элдин малдарынын эпизоотиялык абалы тууралуу вет адистин маалыматын угуу | август 2023-жыл | Вет адис, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
|
7 | Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын тогуз айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө | Октябрь 2023-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысы Асаналиев П.Ж |
|
8 | Айыл башчылардын аткарган иштеринин отчетун угуу. | Октябрь 2023-жыл | Айыл башчылар туруктуу комиссиялар |
|
Айылдык кеңешинин практикалык иш-чаралары
1 | Шайлоочулар менен иш алып баруу, наказдарын алуу анын үстүндө иш алып баруу. |
| Айылдык кеңештин депутаттары |
|
2 | Айыл кеңешинин алдында түзүлгөн коомдук уюмдардын иштерине усулдук практикалык жардам көрсөтүү | Квартал сайын | Айыл кеңешинин туруктуу комиссиясы, жооптуу катчысы |
|
3 | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүүгө көмөктөшүү | Дайыма | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
4 | Депутаттардын отчётторун угуп туруу | Ар алты айда | Айыл кеңешинин депутаттары |
|
5 | Жогорку органдардан келген документтердин аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу | Убагында | Айыл кеңешинин төрагасы Абдырахманов О катчысы Шадыбекова А.П. |
|
Жооптуу катчы | Шадыбекова А.П. |