КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз он тогузунчу сессиясынын
2023-жылдын 28-апрели № 19-2
Айыл аймагындагы мунапыска кирген курулуштар жайгашкан жер тилкелеринин аянтын аныктап берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2022-жылдын 31-майындагы “ 291 сандуу токтомун Кеңеш айыл аймагында аткарууда, мунапыска кирген курулуштар жайгашкан жерлердин, жер тилкелеринин мыйзамдашууга жаткан суулуу жана кайрак жерлерге карата карап чыгып, эски чечим табылбагандыгына байланыштуу, берилүүчү жер аянтын аныктап берүүнү суранган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагында мунапыска кирген курулуштар жайгашкан жерлердин, жер тилкелеринин мыйзамдашууга жаткан аянты эски чечим табылбагандыгына байланыштуу, эң акыркы айыл өкмөтүндө турак-жай үчүн берилген жер аянтына карап, суулуу жерден 0,08 гадан ашпоосу,кайрак жерде 0,25га дан ашпоосу белгиленсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |