Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры №1/2

Казыбек айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын

шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Казыбек айылдык Кеңешинин Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Эсептөө комиссиясынын Казыбек айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын  шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде Токушева Фарида Курбангалиевна Казыбек айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

Жалпы катышкан депутат 21

Макул-20

Каршы-1

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

Төрага

Э. Султаналиев