Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

2024-жылдын 19-апрели  №10/2

 

“Базар-Турук” ѳрѳѳнүндѳгү Куйручук-Кызарт айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлеринен “Базар-Турук” БДРин курууга 17,3 га жер аянтын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө

 

“Базар-Турук” ѳрѳѳнүндѳгү Куйручук-Кызарт айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлерден “Базар-Турук” БДРин курууга 17,3 га жер аянтын трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Жусуповдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.           Базар-Турук” ѳрѳѳнүндѳгү Куйручук-Кызарт айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлерден “Базар-Турук” БДРин курууга 17,3 га жер аянты трансформациялоого сунушталсын;

2. Жер аянттарын трансформациялоого сунуштоого тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Д.Дүйшѳналиевге тапшырылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Акматалиева