Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз он тогузунчу сессиясынын

 

 

2023-жылдын 28-апрели № 19-7

    

Ак-терек айылындагы Как көчөсүнө ат коюуу тууралуу

 

Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылынын Как калктуу конушунда жашап жаткан атуулдар санарипке катталуу үчүн көчөсүнүн атын “Как” көчөсү деп атоого уруксат сурап кайрылышкан катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5- жана 7-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылынын Каккалктуу конушундагы көчөнүн аты “Как” көчөсү деп аталсын.

2. Көчөнүн аталышы, үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфрастуктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу жагы көчөнүн жашоочуларына милдеттендирилсин..

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-терек айылынын айыл башчысы Н.Карыбековко тапшырылсын.

    

 

      Кеңеш айылдык

      кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.