Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу  №12/5

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы бала бакчалардын бюджетиндеги спец счетко кошумча план суроо жөнүндө

                                                                                         

         Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Кызарт”, “Кызарт келечеги” “Кызарт Таң-нуру”,”Балалык уясы”, “Ак-Жолтой Апа” бала бакчаларынын бюджетиндеги спец счетко кошумча план суроо максатында, Кызарт бириктирилген айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Жалпы бала бакчаларга жыл башында 821,0 миң сомго план бекитилген. Азык-түлүккө болгон баанын жогорулаганынын негизинде, жана бала бакчалардагы ата-энелерден ар бир бала үчүн төгүлө турган  акча каражатынын көбөйтүлгөнү тууралу протоколдорду карап, 1 324,8 миң сом акча каражаты кошумча план болуп суралсын. Жалпы такталган план 2145,8 миң сом.

 

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

М. Акматалиева