Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры №1/5

  Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын балдар

ойноочу аянтчасына жабдыктарды алуу жөнүндө.

 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын башчысы Т.Стамакуновдун Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын ойноочу аянтчасына жабдыктарды алуу  боюнча   кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш  токтом кылат:

1 .Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын алдына балдар  ойноочу аянтчасына жабдыктарды алуу  боюнча айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Стамакуновдун  кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын алдына балдар ойноочу жабдыктарды алуу жөнүндө   Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун өздүк салымынын   300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Казыбек айыл өкмөтүнүн  келээрки 2025 -жылдын бюджетинен   каралып, которулуп берилсин .

3 .Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.

 

 

Төрага

Э. Султаналиев