Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры   №13/1

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Беш-Мойнок-Ак-Чий” участкаларындагы жайыт жерлерге күндѳн энергия алуучу станция куруу үчүн суралып жаткан               жер аянттарын трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын  34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.           Куйручук-Кызарт айыл аймагынын чегиндеги “Беш-Мойнок-Ак-Чий” участкаларындагы жайыт жерлеринен 1503 га жер аянты күндѳн энергия алуучу станция куруу үчүн трансформациялоого сунуштоого макулдук берилсин;

2. Жер аянттарын трансформациялоо үчүн сунуштоого тиешелүү иш кагаздарын даярдап бүткѳрүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго  милдеттендирилсин;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

Төрайым

М. Акматалиева