Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры   №13/2

Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча долбоорлорду сунуштоо жөнүндө

 

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан КР Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка, Нарын облустук “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү жана Жумгал райондук өнүктүрүү фонддоруна 2025-жылга карата айыл аймагы тарабынан долбоорлорду сунуштоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап, айылдык кеӊештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,  Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.           Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан КР Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка, Нарын облустук “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү жана Жумгал райондук өнүктүрүү фонддоруна төмөндөгү долбоорлор сунушталсын:

1)    КР Финансы министрлигин каржылоосундагы дем берүүчү грантка:

-        “Кызарт” ҮДТнын эски имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүү долбоору;

-        Жаӊы-Арык акйылындагы М.Акимкожоев атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүү долбоору.

2)    Нарын облустук “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондуна:

-        Базар-Турук айылындагы “Жаны-Арык” каналынын 3 км  аралыгын таш тизип бетондоо долбоору;

-        Куйручук айылындагы “Дөөлөт-Арык” каналынын 3 км аралыгын таш тизип бетондоо долбоору

-        Айыл чарба тракторун шайманы менен сатып алуу долбоору.

3)    Жумгал өнүктүрүү фондуна:

-        Жаны-Арык айылындагы “Ынтымак” паркын оӊдоодон өткөрүү долбоору.

2. Бул долбоорлордун өздүк салымы үчүн коюлуучу акча каражаттары Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору каралганда бөлүнүп бериле тургандыгы белгиленсин;

Жогоруда долбоорлордун өз убагында тиешелүү иш кагаздарын даярдап бүткөрүү жана долбоорлорду сунуштоо жагы Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.

Төрайым

М. Акматалиева