Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 3-декабры № 773-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 106-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке боюнча иш-чаралар планы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1 | Заманбап геологиялык жана геофизикалык методдорду колдонуу менен полиметаллдардын жана СКЖЭ потенциалдуу кен чыккан жерлерине комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү | Финансылык каражаттарды бөлүү | 2024-жылдын IV кварталы, 2025-жылдын ичинде | "Кыргызгеология" МИнин эсебине 1 млрд. сом өлчөмүндөгү финансылык каражаттар киргизилди | ФМ, ЖРЭТКМ | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында |
Тоо-геологиялык техниканы, жабдууларды жана материалдарды сатып алуу | 2024-жылдын III-IV кварталы | "Кыргызгеология" МИнин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо | "Кыргызгеология" МИ | |||
Геологиялык фондго талдоо жүргүзүү (камералык иш) |
| Полиметаллдардын жана СКЖЭ потенциалдуу кен чыккан жерлери аныкталды | "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Кен чыккан жерлерге, калдыктарды сактоочу жайларга ГЧИ жүргүзүүгө жана/же иштетүүгө лицензияларды/уруксаттарды берүү | 2024-жылдын III-IV кварталы | "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК лицензияларды жана уруксаттарды алды | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ӨКМ, Мамкурулуш, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Полиметаллдардын жана СКЖЭ кендерин ГЧИге, иштетүүгө жана рекультивациялоого ТЭНди жана АЧТБны, техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу | 2024-жылдын IV кварталы, 2025-жылдын I-II кварталы | АЧТБ жана техникалык долбоорлорго багыттар боюнча мамлекеттик экспертизалардын корутундулары алынды | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ММСЖСМ, ӨКМ, Мамкурулуш, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК, КМТУ "КОНАС"ИИБ | |||
Кен чыккан жерлердин лицензиялык аянттары боюнча жер участокторун берүү | 2024-жылдын IV кварталы 2025-жылдын I-II кварталы | "Кыргызгеология" МИ жана "Кыргызалтын" ААК кен чыккан жерлердин жер участокторун пайдалануу укугуна ээ болду | ЖМА, ЖӨБО, Жер агенттиги, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Полиметаллдардын жана СКЖЭ потенциалдуу кен чыккан жерлеринде (анын ичинде калдык сактоочу жайларда жана иштетүүгө жараксыз катмарларда) комплекстүү ГЧИ жүргүзүү | 2024-жылдын IV кварталы, 2025-жылдын ичинде | Ресурстардын запастары жана курамы аныкталды. Ар бир кен чыккан жердин потенциалы бааланды. Казууну баштоо үчүн артыкчылыктуу объекттерди тандоо | ЖРЭТКМ, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Төмөнкү кен чыккан жерлерде байытуучу комбинаттын жана гидрометаллургиялык заводдун техникалык долбоорлорун иштеп чыгуу: | 2025-жылдын ичинде | Металлдарды, жеке СКЖЭ алуу технологиясы иштелип чыкты, уруксаттар жана мамлекеттик экспертизалардын корутундулары алынды | ЖРЭТКМ, ММСЖСМ, Мамкурулуш, КМТУ"КОНАС" ИИБ | |||
1) Кутессай-II (сейрек кездешүүчү жер металлдары), Калесай (бериллий) | "Кыргызгеология" МИ | |||||
2) Кызыл-Омпол (титаномагнетит) | "Кыргызалтын" ААК | |||||
2 | Өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин төмөндөтүү үчүн металлдарды казып алуу жана иштетүү процессине заманбап технологияларды киргизүү үчүн технологиялык компаниялар менен кызматташуу | Эл аралык компанияларга жана коомчулукка максаттарын, пландарын жана күтүлүүчү натыйжаларын кеңири баяндоо менен улуттук долбоор жөнүндө маалымдоо | Дайыма | Эл аралык компаниялар жана уюмдар менен өнөктөштүк мамилелер түзүлдү | ЖРЭТКМ, ТИМ, ИУА, "Кыргызгеология" МИ, КМТУ "КОНАС" ИИБ, "Кыргызалтын" ААК |
|
Потенциалдуу инвесторлор үчүн долбоорлордун презентацияларын өткөрүү | Дайыма | Алдынкы эл аралык компаниялар тартылды | ЖРЭТКМ, ИУА, ТИМ, "Кыргызгеология" МИ, КМТУ "КОНАС" ИИБ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Металлдарды казып алуунун жана кайра иштетүүнүн алдынкы методдорун киргизүү үчүн технологиялык компаниялар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү | Дайыма | Полиметаллдарды жана СКЖЭ казып алуу жана кайра иштетүү боюнча инвестициялар жана технологиялар тартылды | ЖРЭТКМ, ИУА, ТИМ, ЭКМ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Полиметаллдарды жана СКЖЭ казып алуу жана кайра иштетүү жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаңы технологияларды иштеп чыгуу | Дайыма | Өндүрүштүн натыйжалуулугун жана экологиялуулугун жогорулатуу үчүн заманбап методдор жана жабдуулар киргизилди | "Кыргызгеология" МИ, КМТУ "КОНАС" ИИБ, "Кыргызалтын" ААК | |||
3 | Коммуникация жана маалыматтык колдоо | Маалыматтык кампанияларды жана коомчулук менен ачык диалог аянтчаларын уюштуруу | Дайыма | Улуттук долбоорду ишке ашыруунун максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана механизмдерин коомдун түшүнүүсү жана колдоосу | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖРЭТКМ КГК, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК, эксперттик топ, ЖМК | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында |
Коомчулуктун улуттук долбоордун стратегиясын талкуулоого активдүү катышуусу | Дайыма | Жакшыртуу, проблемаларды жана долбоорлордун потенциалдуу тобокелдиктерин аныктоо боюнча коомчулуктун сунуштары алынды | ||||
4 | Кадрдык потенциалды окутуу жана өнүктүрүү | Тоо-кен иши жана металлдарды кайра иштетүү чөйрөсүндө ИТК жана жумушчу адистиктер үчүн окутуунун окуу программаларын иштеп чыгуу | 2024-жылдын II кварталы | Окуу программалары жана пландар өндүрүштүк ишканалардын заманбап талаптарына ылайык келтирилди | БИМ, ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМ ТАОБ, эксперттик топ | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында |
Геология, тоо-кен өнөр жайы жана ПК казып алуу технологиялары жаатында ИТК жана жумушчу кадрлар үчүн окуу программаларын, курстарды, стажировкаларды жана практикалык сабактарды өткөрүү | 2024 жылдын III-IV кварталы, 2025-жылдын ичинде | Тоо-кен чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн квалификациялуу ИТК жана жумушчу кадрлардын жетиштүү саны | БИМ, ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМ ТАОБ, "Кыргызалтын" ААК | |||
5 | Улуттук долбоорду колдоо жана каржылоо үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү | ПК кен чыккан жерлерин изилдөөгө жана иштетүүгө, ошондой эле персоналды окутууга республикалык бюджеттен каражаттарды берүү | 2025-2026-жылдар | Финансылык каражаттар "Кыргызгеология" МИнин эсебине киргизилди | ФМ, ЖРЭТКМ | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында |
6 | "Кыргызгеология" МИнин геологиялык- инженердик механикалык базасын модернизациялоо (анын ичинде керн сактоочу жайлар, гараждар жана заводдор) | Капиталдык оңдоого финансылык каражаттарды бөлүү | 2025-жылдын ичинде | Атайын техниканын, жабдуулардын иштөө мөөнөтүн көбөйтүү, геологиялык сынамдарды жана керндерди сактоо мөөнөтүн көбөйтүү | "Кыргызгеология" МИ | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында |
7 | Авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, калдык сактоочу жайларды жана Ак-Түз тоо-кен байытуу комбинатынын мүлктүк комплексин коопсуз күтүү | "Кыргызгеология" МИ өткөрүп берген Ак-Түз тоо-кен байытуу комбинатынын объекттерин/мүлктүк комплексин күтүүгө финансылык каражаттарды бөлүү | 2025-жылдын ичинде | Мүлктүк комплекс жайгашкан жердин экологиялык жана техникалык коопсуздугун камсыз кылуу | "Кыргызгеология" МИ | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында |