Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры   №13/3

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын филиалына келип жаткан балдардын тамактануусу үчүн      ата-энелерден ай сайын тѳлѳнүүчү тѳлѳм боюнча ѳткѳрүлгѳн 04.09.2024-жылдагы №23 Протоколду бекитүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын  34-беренесин жетекчиликке алып, “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын кайрылуусун карап,  Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.           Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын филиалына келип жаткан балдардын тамактануусу үчүн ата-энелерден ай сайын тѳлѳнүүчү тѳлѳм боюнча ѳткѳрүлгѳн 04.09.2024-жылдагы №23 Протоколу бекитилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго жүктѳлсүн.

 

 

 

Төрайым

М. Акматалиева