Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 21-августу №2

 

 « Итагар айылындагы эски мектиепке тиешелүү болгон жалпы аянты2400м2 жерине бала бакча жана ФАП курууга макулдук берүү жѳнүндѳ».

 

               Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 7-августундагы №01-3/150 сандагы сунушуна жана айылдык Кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 20-августундагы корутундусуна негиз күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1.Итагар айылындагы эски мектиепке тиешелүү болгон жалпы аянты2400м2 жерине бала бакча жана ФАП курууга макулдук берилсин .

 

          2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (тѳрагасы Э.Эдилбеков) жүктѳлсүн.

 

          3.Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

Төрага:

Б. А. Төрөбеков