Редакцияот 03.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2023-жылдын 03-майы № 12/2

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн  Ак-Тонду жана Келпик участкаларындагы суу насосторун Аксы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI  чакырылышынын кезексиз  12- сессиясы токтом кылат:

 

1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Ак-Тонду участкасындагы суу насосун Аксы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө дыйкандардын суроо талаптары канааттандырылсын.

2. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Келпик участкасындагы суу насосун   Аксы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө дыйкандардын суроо талаптары канааттандырылсын.

3. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Ак-Тонду жана Келпик  участкаларындагы суу насосторун Аксы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүнү чечүү жагы Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинен суралсын.

4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин  жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

 

 Төрага:   

А.Назарбеков