Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин I чакырылышы кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 29-ноябры № 1

Чаек айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары  жөнүндө

Чаек айылдык кеңешинин биринчи жыйынынын эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын  негизинде №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин  төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу  бекитилсин;

2. Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 21 депутатынын 21 добушуна ээ болгондугун белгилеп Муталиев Алтай Таштанбекович Чаек  айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп табылсын;

3. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Абаев Байзак Абаевич шайлангандыгы белгиленсин;

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү учүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

А. Муталиев