Редакцияот 03.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2023-жылдын 03-майы № 12/3

 

Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун жээгиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү темир тосмону (тротуарды) көзөмөлгө алуу  жөнүндө

 

Кара-Жыгач айыл өкмөтунүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика  маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI  чакырылышынын кезексиз  12- сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун жээгиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү темир тосмо көзөмөлгө алынсын жана Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 2023-жылдын 23-январындагы №9/8 токтомуна ылайык тосмонун 4 (төрт) жеринен ачып-жаап, кулпулап туруучу эшик ачылсын.

2. Темир тосмону бейчеки, уруксатсыз ачкан жаранга  Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин негизинде айып пул салынсын жана жогорудагы талаптар боюнча  базардын бардык  сатуучуларына катуу эскертилсин.  

3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин  жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

 

   Төрага: 

     А.Назарбеков