Редакцияот 03.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2023-жылдын 03-майы № 12/6

Кара-Жыгач айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун баштапкы ижара акысын бекитип берүү  жөнүндө

 

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Ташыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин  жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI  чакырылышынын кезексиз  12- сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Жыгач айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери суулуу 1 га жер 5000 (беш миң) сомдон, кайракы 1 га жер 1000 (миң) сомдон 1 жылдан ашык эмес убакытка ижарага берилсин.

2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин  жооптуу катчысына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер адис Б.Ташыбековго   милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

 

 Төрага:  

     А.Назарбеков