Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин кезектеги II-сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябрындагы  № 1

 

Тоголок-Молдо айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь 2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

                                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңешиинн төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 27-ноябрь 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

 

2.    Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин төрайымы болуп Бегимкулова Гүлсара Айдаровна шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

Төрагайым:

 

Г. Бегимкулова