КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2023-жылдын 03-майы № 12/8
Кара-Жыгач айыл аймагындагы жашылдандырууга бериле турган жерлердин баштапкы ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Ташыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл аймагындагы жашылдандырууга бериле турган жерлердин баштапкы ижара акысы 1 жылга 1 га короолонгон 1000 (миң) сомдон, короолонбогон жер 300 (үч жүз) сомдон ижарага берилсин.
2. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер адис Б.Ташыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | А.Назарбеков |