ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин I чакырылышы кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 2
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”Мыйзамына ылайык, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы талкуулап, токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы боюнча, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”Мыйзамына боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин регламенти өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы
№ 2 токтому менен бекитилген
_________________________
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
I Бөлүм. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишинин негиздери
II Бөлүм. Чаек айыл аймагынын айылдыккеңешинин ишин уюштуруу
III Бөлүм. Чаек айыл аймагынын айылдыккеңешинин ченем жаратуу иши, айылдык кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби
IV Бөлүм. Чаек айыл аймагынын айылдыккеңешинин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби
V Бөлүм. Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. депутаттык суроо талап
VI Бөлүм. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
VII Бөлүм Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин аппараты/жооптуу катчысы
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ. ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1. Жалпы жоболор
• Чаек айыл аймагынын айылдыккеңешинин (мындан ары – айылдык кеңеш) - мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
• Сессиянын, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
• Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
• Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.
• Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
• Айылдык кеңеш мөөрү жана символикалары бар бланктары, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
• Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
• Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет: