Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин I чакырылышы кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 29-ноябры № 6

 

Чаек айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан

делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №271 Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында өтүлүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө, Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 16 чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык уюштуруу жөнүндө маселени карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1.Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 9 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Чаек айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын өкүлдөрүнүн жалпы саны 80 адамдан түзүлсүн.

 

3. Өкүлчүлүктүү жыйындарга өкүлдөрдү  шайлоо боюнча Чаек айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн.

 

4. Өкүлчүлүктүү жыйындын өкүлдөрүн  шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

5. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу өкүлдөрдүн өкүлчүлүктүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын  Жумгал райондук администрациянын имаратында   2024-жылдын 7-декабрында саат 11.00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

           

Төрага

А. Муталиев

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 29-ноябрь 2024-жылдагы №6 токтомуна №1 тиркеме

 

 

 

Чаек айыл аймагынын  калктуу конуштарын

бөлүктөргө бөлүү ченемдери

 

1.Ак-Татыр айылы, Чукур Ак-Секи;

2.Шортон  айылы, Кара-Жээк аймагы, Чаек-центр;

3.Беш-Терек айылы, Кызыл-Жылдыз айылы;

4.Көк-Ой, Кичи-Арал, Арал айылы;

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов