Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 21-августу №6

 

 «Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим айылындагы Токол-Эчки участкасынын атын өзгөртуп маркум эмгектин ардагери Каратаев Атантайдын ысымын ыйгаруу жөнундө.».

 

          Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 17-август 2024-жылдагы 01-3/159 сандагы сунушуна жана айыдык Кенештин “ Укук жана мыйзам “ маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз сессия   

 

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

  1. Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим айылындагы Токол эчки участкасынын аты өзгортүлүп, маркум эмгектин ардагери Каратаев Атантайдын ысымы ыйгарылсын жана мындан ары карай бул айыл Атантай айылы деп аталсын.
  1. Атантай айылынын чек арасы ; төмөн жагынан  Итагар дарыясы,жогорку жагынан элдин үлүш жеринин чегине чейин, чыгыш жагынан Токол эчки сайы, батыш жагынан Кубаталиев Өмүрзактын үйунун алдынан өткөн сай боюнча чектелсин.
  1. Айылдын ичин тазалоо көчөлордү көрктондурүү, социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана айылдын атын өзгөртууго тиешелуу болгон иш кагаздарын тактоо менен бирге тиешелуу жетекчилерге  билдируу жагы Сары-Челек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин «Укук жана мыйзам » маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (тѳрагасы Б.Нурматов ) жүктѳлсүн.
  1. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага:

Б. А. Төрөбеков