Редакцияот 14.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясынын

2024-жылдын 14-августу  №31

 

 «Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн Торкен-Тазалык муниципалдык ишканасына кызматтык автомашина алуу жөнүндө».

         Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн Торкен-Тазалык муниципалдык ишканасына кызматтык автомашина алуу жөнүндөгү муниципалдык ишкананын директору С.Өмүркуловдун маселесин угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VII сессиясы токтом кылат:

            1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн Торкен-Тазалык муниципалдык ишканасына кызматтык автомашинасы жок болгондугуна байланыштуу ВАЗ21074 үлгүсүндөгү 04KG423ABC мамлекеттик номерлүү автомашинасы кызматтык автомашина катары пайдаланылсын.

             2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

           

 

Төрага:

 

И.Өмүрбеков