ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №2
« Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин иштөө Регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына Маманов Каныбек Тойчубекович шайлангандыгы бекитилсин.
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына Болотов Нуртилек Болотович шайлангандыгы бекитилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.З.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
О.Т. Турдубеков |