Редакцияот 16.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН БИРИНЧИ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 28-ноябры № 1

 

Депутаттардын Ак-Терек айылдык Кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

________________________________________________________________________

Эсептөө комиссиясынын №2-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Ак-Терек айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 29-статьясына ылайык эсептѳѳ комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.

2. Эркинбек уулу Султан Ак-Терек айылдык  кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ак-Терек айылдык Кеӊешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1токтому Ысык-Кѳл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.

 

 

Депутаттардын Ак-Терек айылдык Кеӊешинин 

1 сессиясына тѳрагалык кылуучу                                                А.К. Исаев