Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры  №8

 

“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7174 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Д.Малашев көчөсү №53 дарегиндеги жайгашкан М.А.Арапбаевге таандык (идентификациялык номери 3-10-01-0017-0708) 8772 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын Промзона көчөсү №3и дарегинде жайгашкан 1695 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин М.А.Арапбаевге Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы тарабынан алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

         

 

Төрага:

 

О.Т. Турдубеков