Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VIII-чакырылышынын  II-сессиясы

2024-жылдын 28 -ноябры №2/3

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VIII чакырылышы) регламентин кабыл алуу жөнүндө

 

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнүн 9–бөлүкчөсүнө  жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз жана шаардык кеӊештин                     (VIII чакырылышы) регламентинин долбоорун талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VIII чакырылышы) регламенти кабыл алынсын (регламент тиркелет).

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык  кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика,                                          регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана                                          улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына                                           тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Аматов

Кызыл-Кыя шаардык   

кеңешинин (VIII чакырылышы)  

2024-жылдын  28-ноябрындагы

№ 2/3 токтому менен

БЕКИТИЛГЕН

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

(VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ)

РЕГЛАМЕНТИ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2024–жыл, ноябрь

 

 

 

 

 

I БӨЛYM

Жалпы жоболор

 

1-глава

Шаардык кеңеш

 

1.1 Ушул Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин регламенти (VIII чакырылышы)                   Кызыл-Кыя шаарынын деңгээлинде шаардык кеңештин уюштуруу принциптерин белгилейт, шаардык кеңештин ачык бийлигин жүргүзүүдө ролун аныктайт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелеринин компетенциясын жана принциптерин белгилейт.

1.2 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши тиешелүү аймакта жашаган шаар боюнча пропорциялуу система негизинде жалпыга бирдей, тең жана тике добуш берүү жолу менен 5 жылдыкмөөнөткө шайлануучу сессиялуу иштеген 31  депутаттан турат. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталат.

1.3 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципалдык кызмат жөнүндө”, "Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө", «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга негиз, укуктук жөнгө салууну жүргүзөт. 

1.4 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши өзүнүн төгөрөк мөөрү, штампы жана бланктары, банктык мекемеде эсептик счету, менчик мүлкү бар, өзүнүн милдеттенмелерине жооп берген, өзүнүн атынан мүлк сатып ала турган жана мүлктүк жана жеке мүлктүк укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруучу, сотто жоопкер жана доогер болуучу юридикалык жак болуп саналат. Шаардык кеңеш "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен өзүнүн компетенциясына, милдетине жана ыйгарымына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө, кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу.

Жогорку турган бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө жана кийлигишүүгө укуксуз. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда шаардык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

1.5 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүн  төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат: 

1)  мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш милдеттерин жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;

3)    мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк; 

4)    өзүн өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн өзү каржылоо;

5)    жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;

6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;