Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры  №10

 

“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7168 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын тургуну Моради Доугабади Хоссеин Раджабага таандык Курманбек көчөсү №4в дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1802) 3825 чарчы метр, Курманбек көчөсү №4а дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1803) 20190 чарчы метр, Курманбек көчөсү №4г дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0017-2086) 100 чарчы метр жана Курманбек көчөсү №2а дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0017-2084) 38,7 чарчы метр жеке менчик жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү №49 дарегинде жайгашкан (коллективдик гараждагы) Моради Доугабади Хоссеин Раджабага муниципалдык жер тилкесинен 2000 чарчы метр жана Промзона көчөсүдөгү №3и дарегинде жайгашкан 11976 чарчы метр муниципалдык жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы тарабынан алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

         

 

Төрага:

 

О.Т. Турдубеков