Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры  №11

 

“Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7184 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Курортный көчөсү №6а дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-03-0016-7003) 1683,4 чарчы метр, Курортный көчөсү №30/28 дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-03-0016-0960) 20217 чарчы метр жана Р.Азимов көчөсү №61 дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0022-6745) 44800 чарчы метр мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

 

О.Т. Турдубеков