Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры  №13

 

“Жалал-Абад шаарынын балансындагы мүлктөрдү өткөрүп берүү жөнүндө”

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7186 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын балансындагы эски лоток жана трубаларды Барпы айыл аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

 

О.Т. Турдубеков