Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VIII-чакырылышынын 2-сессиясы

2024-жылдын 28 - ноябры №2/5

 Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө

 

“Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Жарлыгына негиз Кызыл–Кыя шаарында  Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.     Кызыл–Кыя шаарында Өкүлчүлүктүү жыйын  2024–жылдын 7–декабры ишемби күнү саат 1000 гө чакырылсын.

2.     Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы бекитилсин ( тиркеме 1).

3.     Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнүн жобосун иштеп чыгуу жагы  жумушчу топко жүктөлсүн.

4.     Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын саны 200 киши  болуп бекитилсин.

5.     Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча участоктордун бөлүнүшү, чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, чогулуштарды өткөрүүгө жооптуулар, участоктор боюнча делегаттардын саны бекитилсин (тиркеме 2).

6.     Өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:

1)    Элдик Курултайга алып чыга турган 3 маселени аныктоо.

2)    2024-жылдын 20-21-декабрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо.

 

7.     Өкүлчүлүктүү жыйын мэриянын имаратынын чоң залында  өткөрүлсүн.

8.     Өкүлчүлүктүү жыйындын уюштуруу иштерин жүргүзүү жана техникалык жактан камсыздоо жумушчу топко жана мэрияга  жүктөлсүн.

9.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы       У.Дариповага  жүктөлсүн.

Төрага:

Ж.Аматов

 

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын  28 -ноябрындагы

№ 2/5 токтомуна

тиркеме 1